Поликлиниканын дарыгери Саламаттыкты сактоо министрин дебатка чакырды
RU

Поликлиниканын дарыгери Саламаттыкты сактоо министрин дебатка чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үй бүлөлүк дарыгер Бахтияр Абсаматов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин медиктерди калпычы деп айтканынан кийин кечирим сурайбы деп күттү эле, андай болгон жок. Министрдин мамлекеттик ооруканаларда иштеген доктурларга жеке менчик клиникаларга иштөөсүнө тыюу салыш керек, деген билдирүүсү кайрадан медицина коомчулугунун нааразычылыгын жаратты.

Дарыгер Бахтияр Абсаматов министр Бейшеналиевди дебатка чакырууну чечкен. Анын билдирүүсү төмөндө:

"Алымкадыр Савирдинович, мен, дарыгер, Абсаматов Бахтияр, сизди ЖМК аркылуу төмөнкү темаларды талкулоо максатында расмий түрдө дебатка чакырам:

  • медиктерге компенсация төлөө боюнча критерийлердин өзгөрүүсү;
  • медиктердин айлыгы жана эмгек өргүүсүн төлөп берүү маселеси;
  • үй бүлөлүк медицина жана сиз басым кылып, дарыгерлерди айыптаган индикаторлор;
  • айкалыштыруу маселеси - медиктердин мамлекеттик мекемелерде жана менчик клиникаларда иштөөсү.

Буга чейин редакцияга кайрылган кайсы медик болбосун жекеме-жеке сүйлөшүүгө даярмын, деп айткансыз. Сиз түз алып берген каалаган маалымат аянтчасын, каалаган убакытка белгилеп айтсаңыз болот."

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1830