Ташиев Чоң-Алайдагы Тажикстандын аракети: Алар тактала элек жерлерди өздөштүрүүнү каалайт
RU

Ташиев Чоң-Алайдагы Тажикстандын аракети: Алар тактала элек жерлерди өздөштүрүүнү каалайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуп, Тажикстандын иш-аракеттерине комментарий берди.

Ал тургундарга президент Садыр Жапаров маселени көзөмөлдөп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысын сүйлөшүүлөргө чакыргандыгын кошумчалады.

"Алар келгенде биз баардыгын талкуулап, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз" деди Ташиев.

Андан тышкары, Тажикстан менен чектешкен жерде 1100 гектар аянт тактала элек аймак бар экендигин, бирок 1924-жылкы картада бул коңшулардын аймагы экендигин көрсөткөн. "Биз аны бүгүнкү күнгө чейин тааныбайбыз, анткени бул жерде тактала элек аймак бар. Жакында алар ушул аймакка кирип, жерлерди иштетүүгө аракет кылып жатышат", - деди ал.

Эскерте кетсек, чек ара делегациясы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен биргеликте эки тик учак менен Чоң-Алайга учуп кетишкен, алардын бири кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, иштебей калгандыктан кулаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1908