Садыр Жапаров көрсөткөн видеодогу мас судья Дамир Онолбеков өз комментарийин берди
RU

Садыр Жапаров көрсөткөн видеодогу мас судья Дамир Онолбеков өз комментарийин берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук соттун төрагасы Дамир Онолбеков Kaktus.media редакциясына чуулгандуу видео тууралуу айтып берди.

Анын айтымында бул бир жыл мурунку видео. Болжол менен 4-июль, ишемби күн. Ал күнү мас же соо экени же ошол күнү ден соолугуна байланыштуу көйгөлөрү болгонбу эсинде жок.

"Биринчиден, бул видеого бир жыл болду, ал кара июль учурунда тартылган. Ал кезде соттук системага эч кандай жеңилдиктер берилген эмес, биз кадимки режимде иш алып барып жаттык. Анан бул иш күн эмес болчу. Экинчиден, менин жүрөгүм ооруйт, жаш курагым да таасир этет. Эмне болгонун билбейм. Балким, өзүмдү жаман сездим, кээде кан басымым да көтөрүлөт. Төрт жылдан бери эс алуу өргүүсүн ала элекмин. Азыр актанып, бир нерсе деп айткым келбейт", - деди ал.

Ал жумушка ар дайым ичип алып барат, деген айыптоону төгүндөдү.

Онолбеков кандай болгон күндө да президент тандаган багытты колдой турганын айтты.

Судья бул видеону бир жылдан кийин таратуу кимге жана кандай максатта керек болду, деген суроого да комментарий бербей турганын билдирди.

"Мен бир нерсени гана айтып коеюн: душман издеген жерим жок. Эгер кимдир бирөө мага каршы иш кыла турган болсо, мен аларга аман болгула деп гана айта алам. Ким мени каралап жатканын айткым келбейт. Мейли, жасай бергиле. Эми, жашоо ошол экен. Бардыгын ушундай өңүттө көрсөтүштү, балким көздөгөн максатына жетишти. Аман болушсун", - деди Онолбеков.

Эске салсак, бүгүн, 7-июнда, президент Садыр Жапаров Сот жана укуктук тутумду өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи отурумунда Чүй облустук сотунун төрагасынын видеотасмасын көрсөтүп, судья Дамир Онолбеков жумушка "күн сйын ичип келет экен" деп билдирди. Кийинчерээк, жогорку сот Онолбековду кызматынан алуу тууралуу сунуштаманы президентке киргизишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1958