Орхан Инандыны эми Түркия менен Орусияда дагы издей башташты
RU

Орхан Инандыны эми Түркия менен Орусияда дагы издей башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны Россия менен Түркиядан издеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, издөө иштери Интерпол аркылуу жүргүзүлүп жатат.

"Биз анын жубайы менен да сүйлөштүк. Анын Түркия элчилигинде экени тууралуу маалымат башка мамлекеттен байланыш аркылуу алынган. Ошондуктан биз тастыктама таба алган жокпуз. Документтер Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү. Биздин элчиликтин имаратын текшерүүгө укугубуз жок. Ошондуктан биз дипломатиялык негизде иштеп жатабыз", - деди Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары.

Ал бул кылдаттык менен даярдалган кылмыш деп билдирди.

"Биздин жаранды издөөгө жардам бере турган ар кандай маалымат бизди кубандырат. Жакынкы аралыкта оң натыйжалар болот деп ишенем", - деп кошумчалады Абдиев.

Өз кезегинде Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине бир күн мурун кат менен кайрылып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратында Инандынын тургандыгы тууралуу маалымат куру сөз деп айткан.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар окуялардын жакшы жыйынтыгына үмүттөнөрүн билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1972