"Сапат"мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголду
RU

"Сапат"мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкекте "Сапат" лицейлер тармагын негиздөөчүлөрдүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Бул малыматты Kaktus.media редакциясына милициядан тастыкташты.

Жакындары анын жоголгондугу тууралуу Бишкектин РИИБсине билдиришкен.

Арызда Орхан Инандынын Lexus-470 үлгүсүндөгү унаасы 1-июнь күнү эртең менен Чынгыз Айтматов көчөсүндөгү үйүнүн алдында ачык калганы айтылган.

Бишкектин Октябрь райондук РИИБси 2021-жылдын 1-июнунда, таңкы саат 4тө "102" кызматына 12 кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа ачык турат деген билдирүү келип түшкөн.

Чакыруу болгон жерге Октябрь райондук ИИБнин 3-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Милицияга арызы менен Ю.К кайрылып, атасын табууга жардам берүүнү өтүнгөн. Ал ушул машинени тээп жүрчү, акыркы жолу байланышка 31-майда, болжол менен 18:00до чыккан.

Учурда анын кайсы жерде экенин белгисиз.

Тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн ыкчам тергөө тобу түзүлүп ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнө ориентировкалар жөнөтүлдү. Инандыны табуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Интернеттин кыргызстандык сегментинде Орхан Инанды тууралуу жалаң лицейлер контекстинде гана маалыматтар бар. "Себаттын" атынан конференцияларга катышып, ЖМКларга интервью берчү. Бизнес чөйрөдө ал Кыргызтандын бийлиги жана түрк инвесторлордун ортосундагы байланыштыруучу көпүрө катары таанымал. Ал эми саясий чөйрөдө аны Гүлендин өкүлү катары билишет.

Кыргызстан Инандыга бул боюнча эч качан доомат койгон эмес. Ал өзү анын Кыргызстандагы миссиясы билим берүүчү мүнөздө экенин баса белгилечү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1838