Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан жаран: "Ушундай болуп кетээрин билген эмеспиз".
RU

Айзада Канатбекованы ала качууга катышкан жаран: "Ушундай болуп кетээрин билген эмеспиз".

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-жаштагы Айзада Канатбекованын ала качуусу жана өлүмү тууралуу соттук териштирүү өттү. Аны Замир Тенизбаев уурдап, өлтүрүп андан кийин өз жанын кыйган.

Кылмыш иши боюнча Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов айыпталуучу катары өтүп жатышат.

Айыпталуучу Орузбек Нурумбетов ошол күнү Замир Тенизбаев менен кафеде жолукканын, анын үйлөнүүсү тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берген. Замир бардыгы романтикалуу болушун каалаган, ошондуктан Айзада Канатбекованы ала качууга жардам берүүсүн суранган.

"Саат 08:00до Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишине барганбыз. Замир бир аздан кийин анын сүйлөшкөн кызы чыгаарын, аны алып качыш керектигин айткан. Биринчи Замир Айзаданын жанына басып барды, Айзада кыйкырып каршы болгондуктан, Замир бизди жардамга чакырды. Мен аны көтөрүп келип машинеге салдым. Машинеден Айзада колун кое берүүнү суранды, андан ары жакшы эле кеткенбиз. Ич ара тамашалашып да жаттык. Бир учурда Замир экөөбүз машинеден чыкканбыз, эшик ачык калган. Айзада Замирдин сүйлөшкөн кыздары көп, аны алдап жүргөн деп айткан. Анын айтымында Замир экөө тууралуу апасы да билчү, алар үйлөнүүгө даярданып жатышкан", - деп Нурумбетов сотко айтып берди.

Кийин бардыгыбыз түшүп калдык, Замир Тенизбаев менен Айзада Канатбекова машине менен андан ары кетишкен. Алар Ошко барабыз деп жатышкан.

"12-15 сааттан кийин Айзаданы ала качуу видеосун интернеттен көрүп калдым. Дароо Замирге жаздым. Ал Төө-Ашуудан өтүп баратабыз, деп жооп берди. Эки сааттан кийин мени милиция кармап кетти", - деди Нурумбетов.

Соттолуучу Айзадан Канатбекованын үй бүлөсүнөн кечирим сурады.

"Ушундай болуп кетээрин билсек, эч качан мындай кылмак эмеспиз. Биз аларды жакшы үй-бүлө болот деп ойлогонбуз. Машинеден алар үйлөнүү жөнүндө сүйлөшүп жатышкан болчу", - деп соттолуучу билдирди.

***

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2017