Айзаданын апасы: Мага Замир башынан эле жаккан эмес. Кебетеси маньякка окшош болчу
RU

Айзаданын апасы: Мага Замир башынан эле жаккан эмес. Кебетеси маньякка окшош болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-жаштагы Айзада Канатбекованын ала качуусу жана өлүмү тууралуу соттук териштирүү өттү. Аны Замир Тенизбаев уурдап, өлтүрүп андан кийин өз жанын кыйган.

Кылмыш иши боюнча Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов соттолуучу катары өтүп жатышат.

Сот залында өлтүрүлгөн кыздын апасы Назгүл Шакеновага сөз берилди.

Шакенованын айтымында, ал бир нече жолу Айзадага чалган, бирок анын телефону өчүк болчу. Тергөөчүгө кайрылып, ала качуу болгон жердеги видеону сураган, ал берген эмес. Тергөөчү, сарысанаа болбогула, Айзада 27 жашта экен, эбак эле күйөөгө тийиш керек болчу, деп айткан.

"Милициялар ачуу басарга даярдангыла, деп айтышкан. Кызым Бакуля деген таежесине чалып, Кара-Балта жактан келатам, дептир. Ал сүйлөй албай калган", - деп Шакенова айтып берди.

Апасы акыркы жолу кызы менен беш секунд сүйлөшкөнүн билдирди. "Анын акыркы сөздөрү: мен үйгө баратам" болчу", - деди ал.

Шакенованын айтымында, Айзада Замир Тенизбаев менен интернет аркылуу танышкан.

"Сүрөтүн көрсөткөндө эле мага жаккан эмес. Көздөрү карышкырдыкындай, кебетеси маньякка окшош болчу. Кийинчерээк кызым, меники туура экенин айтып, аны менен сүйлөшпөй калдым деген", - деп Назгүл айым түшүндүрдү.

Андан тышкары, милициянын жетекчилиги коомчулукка билдирүү жасаганда Айзаданы дароо жүзгө чукул кызматкер издеп баштаганбыз деп билдирген.

"Сиңдимдин күйөөсү "Сосновкадагы" постко барганда ал жактагы милициялар эч кандай ориентировка берилбегенин, берилсе дароо машинени кармап кала тургандыгын айтышыптыр", - деп Шакенова айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2022