Садыр Жапаров: Акыркы мезгилде адамдын өмүрүн алган жол кырсыктардын саны көбөйө баштады
RU

Садыр Жапаров: Акыркы мезгилде адамдын өмүрүн алган жол кырсыктардын саны көбөйө баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Мындай маалыматты президенттик аппараттын маалымат бөлүмү жарыялады.

Белгилүү болгондой, мамлекет башчы акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын белгилеген.

Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2050