Баткен районунда суу үчүн тургундар араздашып. Чек арачылар ок чыгарууга аргасыз болду
RU

Баткен районунда суу үчүн тургундар араздашып. Чек арачылар ок чыгарууга аргасыз болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Ак-Сай аймагында чек арачылар суунун айынан ок чыгарышты. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 15-июнда Ак-Сай конушундагы жайлоодо жергиликтүү тургундар сугат суунун жоктугуна нааразы болушуп, суунун Тажикстанга кетип жаткандыгына нааразычылыгын билдирип башташкан.

Буга байланыштуу ал жерде жүргөн чек арачылар курал колдонууга аргасыз болушкан. Аскер кызматкерлери асманга ок чыгарышып, андан кийин жарандар тынчып калышкан.

Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2086