Акча опузалагандыгы үчүн балбан Роман Царев Кыргызстандын курама командасынан чыгарылды
RU

Акча опузалагандыгы үчүн балбан Роман Царев Кыргызстандын курама командасынан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим боюнча балбан, Роман Царев Кыргызстандын курама командасынан чыгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери жана дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Белгилүү болгондой, ал өткөн жылы, өлкөнүн чемпионатында 72кг чейинки салмак категорияда биринчиликти алып, Кыргызстандын курама командасына киргизилген.

Курама команда 2019-жылдын 12-сентябрында машыктыруучулар кеңешинин чечими менен бекитилген токтомдун жана Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаттын жыйынтыктарынын негизинде куралган.

Ошондой эле Роман Царев Спортчунун этикасы кодексинин негизинде курама командасынан чыгарылды.

Кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөөрү белгиленген.

Эскерте кетсек, аталган Кодекс 2017-жылдын 3-майында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген.

Эске салсак, Бишкекте акча доолады деп шектелгендер кармалды. Алардын бири күрөш боюнча балбан Руслан Царевдин эгиз бир тууганы.

Белиглүү болгондой, декабрдын башында 29-жаштагы С.А.га кара BMW менен эки жигит келген. Алар өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырып, коркутуп С.А.дан 380 миң сом доолашкан. Алар К.М. деген адамдын атын аташып, С.А. ага акча карыз экенин эскертишкен.

Акча доолагандар кетип калышкан, бирок телефон чалып, коркутууларын уланта беришкен. Телефон аркылуу тоого алып чыгып, чара көрө турганын айтып опузалашкан.

22-декабрда ИИМдин 2-бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек ИИББсинин атайын операция жүргүзүүчү отряды жана УКМК менен биргеликте шектелүүчүлөр 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалышкан. Алар 1992-жылы туулган Түп районункн жашоочусу М.А. жана 1991-жылы туулган Казакстандык Ц.Р. экени аныкдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/211