Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда эмдөөнүн паспорту качан пайда болоорун айтты
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда эмдөөнүн паспорту качан пайда болоорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев Kaktus.media редакциясына Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө боюнча күбөлүк (паспорт) качан күчүнө кирерин билдирди.

Биринчиден, Бакыт Жангазиев күбөлүк ушул жылдын 18-июнунда пайда болушу керек деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, бул тууралуу эч кандай кеп болгон эмес.

"Жакында биз вакцинация сертификатынын формасын бекиттик, андан кийин Европадан келген кесиптештерибиз менен жолугушуу өткөрдүк. Эмне үчүн Европадан? Себеби Кыргызстан ДСУнун Европа аймагына кирет. Биз өз тажрыйбабызды бири-бирибиз менен бөлүштүк. Биздин стандарттар дал келди, Тактап айтканда, сертификат QR-коду менен корголушу керек, биринчи жана экинчи дозалардын даталары чагылдырылган, вакцинанын сериясы жана бардык параметрлери көрсөтүлгөн, бирдиктүү агрегатордон маалымат тапса болот.

Азыр биз адамдардан тигил же бул документти алып келүүсүн суранбоо үчүн, алардын маалымат базалары менен жарандар жөнүндө маалыматтар боюнча интеграциялоо максатында, биз санариптик өнүгүү министрлиги менен интенсивдүү иштеп жатабыз. Башкача айтканда, бир адам жөнүндө бардык маалыматтарды бир гана ПИН-коддун жардамы менен ала алабыз. Ал эми жарандар, күбөлүк алып жатканда ар кайсы жакка чуркоонун кажети жок болуп калат жана аны бир жерден алса болот.

Азыр макам ушундай, келишим иштелип чыгып, адистер интеграцияланып башташты. Июнь айынын аягына чейин сертификат толугу менен иштелип чыгып, натыйжалуу болот деп күтүп жатабыз. Европадан келген кесиптештер өз өлкөлөрүндө толук сертификация 1-июлда күчүнө кирерин айтышты. Ооба, азыр алар эмдөө сертификатын беришет, бирок айрым учурларда гана", - деди Бакыт Жангазиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2150