Кыргызстандын жүк ташуучу унаасын тажик чек арачылары барымтада кармоодо. Элчи эмне дейт
RU

Кыргызстандын жүк ташуучу унаасын тажик чек арачылары барымтада кармоодо. Элчи эмне дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Кыргыз Республикасынан жүк ташуучу унаанын айдоочусу Тажикстан Республикасынын чек арасында барымтада кармалып жатат деген маалыматка комментарий берди. Элчилик бул маселе дипломатиялык өкүлчүлүктүн өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Буга чейин Kaktus.media редакциясы тажик чек арасында Кыргызстандан жүк ташуучу унаанын айдоочусу барымтада жаткандыгын жазган.

"23-июнда элчиликке Кыргызстандын жарандары В. Ш., М.А. жана Д.Бдан Тажикстандын аймагынан өтүү маселесин чечүүгө көмөктөшүү боюнча кайрылуулар келип түшкөн. 23-24-июнда элчилик тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Тажикстан Республикасынан кетүү маселеси боюнча учурда бул багытта иш улантылууда.

Элчиликте болгон маалыматтарга караганда, Тажикстан Республикасынын "Фотехабад - Автодорожный" өткөрүү пунктунда Кыргызстандан 10го жакын жүк ташуучулар, анын ичинде аталган жарандардын жүк ташуучу унаалары бар, деп билдирди элчилик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2231