"Кыргыз Үмүтү" кыймылынын активисттери Сооронбай Жээнбековго каршы митингге чыгышты
RU

"Кыргыз Үмүтү" кыймылынын активисттери Сооронбай Жээнбековго каршы митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-июнда Бишкекте кечинде "Кыргыз Үмүтү" коомдук кыймылынын активисттери экс-президент Сооронбай Жээнбековго каршы митингге чыгышты.

Саат 19:00 чамасында Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде, активисттер: "Соке, пандемия учурунда уурдалган элдин акчасын кайтарып бер" деген плакаттар менен чыгышты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы эки митингчини четке сүрүп салган.

"Бир нече адам плакат көтөрүп, Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн бурчунда турушту эле Милиция кызматкерлери жана бир аял плакаттарды тартып алышты. Уюштуруучу мындай митинг азыр ЦУМдун жанында жана башка бир нече жерде өтүп жатканын билдирди ", - деди күбө.

Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, алар митингдерди эртең дагы улантышат.

Эске салсак, "Кыргыз Үмүтү" коомдук кыймылынын активисттери өздөрүн 2020-жылдын октябрь окуясынын катышуучулары жана курмандыгы деп аташат.

Орто-Сай базарынын жанындагы Сүйөркулова көчөсүндө дагы митинг уюштурулууда.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын статусунан ажыратууну жактаган "Кыргыз Үмүтү" кыймылынын активисттерине 2-июнда Эски аянтка боз үй тигүүгө аракет кылышкан бирок уруксат берилген эмес. Ал күнү таң эрте шаардык милиция бул аракетти токтоткон. 20 активист Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2249