Инандынын уурдалышы. Түркиянын коргоо министринин учагы Бишкектен чыгаарда текшерилген
RU

Инандынын уурдалышы. Түркиянын коргоо министринин учагы Бишкектен чыгаарда текшерилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акара Бишкектен учуп кетээринин алдында учагы толугу менен текшерилген болчу. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев билдирди. Жыйында Орхан Инандынын Кыргызстандан алып чыгып кетүү маселеси каралган болчу.

Депутат Дастан Бекешев УКМКнын контр чалгындоо кызматы барбы, эгер бар болсо, алар республиканын аймагына чет элдик атайын кызматынын кирип кетүүсүнө жана мыйзамсыз иш аракетине кандайча жол беришти, деп сурады.

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков учурда контр чалгындоо кызматы кырдаалдын жагдайларын иликтеп жатат, деп билдирди.

Бекешев жакында өлкөгө келип кеткен Түркиянын коргоо министринин учагынын борту текшерилген беле, деген суроо узатты.

Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, учак Анкарадан келгенде да, кайра кетип баратканда да толугу менен текшрилген, деп жооп берди.

"Анда жүк кандайча чек арадан өттү? Мынтип айтканым, аны жүк катары чыгарып кетишкен. Киши катары чек араны кесип өткөн жок", - деп депутат баса белгиледи.

Шаршеев жүк боюнча Бажы кызматынан суроо керектигин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2442