Атамбаев менен Жээнбеков өз кезегинде "Себат/Сапат" боюнча Түркияга кандай жооп беришкен?
RU

Атамбаев менен Жээнбеков өз кезегинде "Себат/Сапат" боюнча Түркияга кандай жооп беришкен?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын атайын кызматтары "Сапаттын" президенти Орхан Инандыны уурдап чыгышы коомдук резонансты жаратты. Бул көрүнүштү улуттун уят болушу деп айтышса, айрым саясатчылар Садыр Жапаров келечекте жоопко тартылат, деп белгилешти.

Болуп жаткан окуялардын фонунда мурунку президенттер - Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун позициясын, сөзүн жана Түркия тараптын FETO уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүү талабына берген жообун эстедик.

Бир аз тарыхы тууралуу

2016-жылы Түркияда куралдуу козголоң болуп, бийлик FETO уюмунун мүчөлөрүнө катуу киришишкен. Аларды идеологу Фетхуллах Гүлен. Ошондон бери Анкара "Себат" мектептеринин (Кыргызстанда алар "Сапат" деп атын өзгөртүшкөн) FETO уюму жана түрк оппозиционери менен байланышы бар деген пикирде.

2016-жылдын июль айында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кыргызстандыктарга "террористик коркунуч" тууралуу эскертүү берген. Анын айтымында "Себат" мектептери коркунуч жаратып жатат, алардын катарына "Ататүрк-Ала-Тоо" университети да кирет.

Чавушоглу Кыргызстандын бийлигин Фетхуллах Гүлен негиздеген окуу жайларды жабууга үндөгөн. Ал эми Кыргызстандын ТИМи Түркиядан өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөсүн суранган болчу.

Атамбаевдин позициясы

2017-жылы "Себат" түрк лицейлери "Сапат" деп аталышын өзгөртүштү. Лицейлердин аталышын өзгөртүү сунушун президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 1-декабрында берген басма сөз жыйыны учурунда сунуштаган.

"Мен Гүленди тааныбайм, бирок "Себат" мектептерин Түркияда жана Кыргызстанда саясий төңкөрүштөрдү даярдаган уюмдар менен адаштыруу, абсурд. "Себат" эмне менен алектенип жатканын билебиз", - деп Атамбаев айткан.

Атамбаев мектептер жабылбайт, бирок андагы көзөмөл күчөтүлөт. Президент Билим берүү министрлиги лицейлер тармагынын башкы негиздөөчүсү катары кылып, мектептердин жаңы уставын иштеп чыгууну буюрган.

Жарым жылдан кийин Ысык-Көлдө өтүп жаткан пресс-конференция учурунда Атамбаевге кайрадан кыргыз-түрк мамилелери жана "Сапат" лицейлери тууралуу суроо беришти. Өз сөзүндө, Түркиянын бийлиги Кыргызстан "Сапат" билим берүү мекемелерин жабуудан баш тартканына таарынып жүргөндүгүн белгиледи.

"Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кыргызстанда 3 500 Гүлендин кишилери иштейт, деп айтыптыр. Ал "Сапаттын" мугалимдерин айтып жатса керек. Эгер "Сапаттын" мугалимдерин, мектептин мугалимдерин террорист көрсө, анда доктурга барыш керек. Таарынбасын. Акыл-эси ордундабы, билбейм. Биз мектептерди жаптырбайбыз. Биз мектептерди көбөйтөбүз", - деп Алмазбек Атамбаев айткан болчу.

Жээнбековдун позициясы

Бир жылдан кийин 2018-жылы президенттик кызматка Сооронбай Жээнбеков келген. Түркия дагы бир ирет Кыргызстандагы "Сапат" окуу жайларын жаптыруу аракетин көрдү.

2018-жылдын 1-сентябрында Жээнбеков менен Эрдогандын расмий жолугушуусунда түрк президенти жогорудагы окуу жайларды жаптыруу маселеси кайрадан көтөрдү. Түрк президенти 2016-жылы Түркияда болгон окуялардын Кыргызстанда кайталанышын каалабай тургандыгын билдирди. Мамлекеттин атын атабай туруп, Гүлендин тарапташтары мамлекеттин күч жана жарандык структураларында ийгиликтүү иштеп жатат, деп Эрдоган айтты.

Жээнбеков учурда "Себаттын" ордуна "Сапат" иштеп жатканын анын негиздөөчүсүнүн бири Билим берүү министрлиги экендигин айтып, мекеменин ишмердүүлүгү толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө, деп жооп кайтарган.

Ошондой эле, 2019-жылы, Жээнбеков бийликте турган кезде, Кыргызстан Орхан Инандыны Түркияга экстрадиция кылгандан баш тартканы жакында эле белгилүү болду.

Жапаровдун позициясы

Учурдагы президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери бир да жолу кыргыз-түрк мамилелери жана "Сапат" лицейлери тууралуу кеп козгогон эмес. Ошол эле маалда, Орхан Инанды Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга кетээрден бир жума мурун жоголуп жатат.

Кыргызстандын президенти "Сапат" лицейлеринин негиздөөчүсү жоголгондон кийин, күч структураларына аны табуу буйругун бергенин баса белгиледи. Ал андан мурун да Орхан Инандынын уурдап чыгуу аракети болгонун жана УКМК ага эскертүү бергенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2434