Тажикстандык чек арачылар кыргыз аскер кызматкерин колго түшүрүп алып кетишти
RU

Тажикстандык чек арачылар кыргыз аскер кызматкерин колго түшүрүп алып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын УКМКсынын чек ара кызматкерин тажик чек арачылар колго түшүрүп өз аймагына алып кетишти. Бул тууралуу ведомствонун коомчулук менен байланышуу кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн, 9-июлда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Чашмагильдан ашуусунда болду.

Кыргызстандын чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан кыргыз аскер кызматкерин кайтарууну талап кылды.

Учурда эки тараптын өкүлдөрү ок атышкан жерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Эске салсак, 8-июлда, болжол менен саат 17:00до кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстан чек арачылардын ортосунда чыр чыгып, ок атышуу болгон. Кыргызстандын УКМКсынын чек ара кызматынын бир кызматкери каза болду.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, тажик тараптан да жарадар болгондор жана курмандыктар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2493