Эт кымбатпы? Мындан да кымбат болот. Себеби мал бакканга тоют жок
RU

Эт кымбатпы? Мындан да кымбат болот. Себеби мал бакканга тоют жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда эттин баасы былтыркы жылдан да кымбат болууда. Көпчүлүк жарандар эт сатып ала албагандыктан андан баш тартууга аргасыз болушту.

Базардагы соодагерлердин айтымында баанын көтөрүлүшү малдын башка өлкөлөргө экспорттолушу менен гана эмес, тоюттун кымбат болушуна байланыштуу.

Акыркы эки айда бир боо чөп эки эсеге кымбаттады. Эгер май айында аны 180-200 сомго сатып алса, азыр 400-450 сомго чейин сатылууда. Кеп беде жана тоют женүндө болуп жатат. Бирок азыр самандын да боосу 200 сомдон сатылууда.

Биринчи чабык арзаныраак сатылган. Анткени, талаалар кышкысын эс алып, нымга толуп, кошумча сугаруу талап кылынган эмес. Ошондуктан биринчи түшүм арзан болду.

Экинчи чабыкты сугарыш керек болчу, бирок жаан-чачындын жетишсиздигинен жана сугат суунун тартыштыгынан улам чөп күйүп кетти. Эске сала кетсек, жаздан бери дыйкандар митингди токтотушкан жок.

Сатуучу Мелис Сабиловдун айтымында, көпчүлүк дыйкандардын чөбү күйүп, учурда тартыштык пайда болду.

"Мен өзүм тоодо жашайм, бизде дээрлик эки миң гектар жер чабылбай калды. Суу жок, чөп чабуунун заоылчылыгы деле жок, куурап калды. Адатта, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда төрт чабык болот. Сугат кенен болсо, эгер жок болсо, анда үч чабык болот", - дейт ал.

Исман Эрназаров үй-бүлөсүн багуу үчүн канаттуу багып жатат. Тоюттун наркынын жогорулашы менен, бул иш өзүн актабай калды.

"Менде 30 баш үндүк бар, бедем түгөнүп калды, анткени мен бир-эки жүз чарчы метр аянт айдагам, эми базардан сатып алышым керек. Бир жума мурун бир боо чөптү 300-350 сомго алгам, эми Анын баасы 420. Баары кымбаттады, чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Канаттуулардын жемин актоо үчүн жумурткасын сатып отурам ", - деди ал.

Чөп сатуучулар буга чейин ушул жылдагыдай соода кылышкан эмес. Эл кышка даярдык көрүп, эмитеден сатып ала башташты, атүгүл саманды да сатып алышты, анткени ал арзаныраак.

Дистрибьюторлор эми Кеминден чөп, Нарындан эспарцет жеткирип берүүнү күтүп жатабыз дешет. Жеткирип берсе, баасы мындан ары көтөрүлбөйт, ал тургай төмөндөшү мүмкүн.

Ошондой эле, алар буга чейин Өзбекстандан Кыргызстанга беде алынып келинип жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан. Алар аны айланып өтүүчү жолдо сатып жатышат деген кептер айтылууда. Бирок, Kaktus.media'нын журналисти айтылган чөптүн сатылып жатканын көргөн жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2547