Эттин баасы канча болуп калды? Дагы кымбаттайбы? Бишкек базарларынан репортаж
RU

Эттин баасы канча болуп калды? Дагы кымбаттайбы? Бишкек базарларынан репортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-июлдан тартып Кыргызстандан бодо мал жана майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынат.

Эске салсак, өлкө ичиндеги эттин жана эт продукцияларынын баасын бир калыпка келтирүү, тагыраак айтканда түшүрүү үчүн чет өлкөгө экспорттоого чектөө киргизилген болчу.

Чектөө салынган үч айда эттин баасы бир аз түштү.

Эгер тыюу салынганга чейин уйдун эти 610 сом болсо, акыркы бир айдан бери 500 сомго сатып алса болот болчу.

Соңку үч күндө эттин баасы кайрадан көтөрүлдү. Базарларда уйдун этин 540тан 605 сомго чейин алса болот. Койдун эти 480 сом.

Айрым дүкөндөргө продукция келген жок.

Камсыздоочулар себебин да айтышкан жок, жөн эле келбей коюшту, деп эт саткандар ийин куушуруп отурушат. Реализаторлордун ою боюнча, эт алып келгендер малды мурункудай эле Өзбекстанга ташый башташкан.

Базардагылар чөп кымбаттаган үчүн эттин да баасы көтөрүлду деп айтышты. Быйыл ургакчылык, суу да тартыш болгондуктан чөп жок.

"Эттин бир килограмы эле 10 омго кымбаттады. Эми бир уйдун этин алганда кандай айырма боло турганын эсептей бергиле", - дешти эт саткандар.

Айрымдар туруктуу кардарларын сактап калуу үчүн үстүнө кошпой сатып жатышат. Бирок андан ары эмне кылышты билишпейт.

Соодагерлердин пикири боюнча, жакынкы аралыкта эттин баасы дагы көтөрүлөт.

"Чектөөнү албаса деле эт кымбаттамак. Анткени малды багуу оор болуп калды, чөп жетишсиз, баасы кымбат", - деп түшүндүрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2459