Кармалган Исхак Пирматов дагы "Бикардда" дарыланууда
RU

Кармалган Исхак Пирматов дагы "Бикардда" дарыланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөр иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматов төрт күндөн бери Бикард жеке клиникасында дарыланып жатат.

Маалыматты Kaktus.mediaга өз булактары кабарлашты.

Азырынча Пирматов кандай диагноз менен УКМКнын тергөө абагынан жүрөк ооруларын дарылоого адистешкен жеке клиникага которулгандыгы белгисиз.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын экс-директору Василий Дашков, Данияр Нарымбаев жана башка кызмат адамдарынын кылмыш иштери боюнча УКМКнын тергөө кызматы тарабынан шектелген башка кызмат адамдары учурда Бикард жеке клиникасында эс алууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2568