Данияр Нарымбаев СИЗОдон "Бикард" клиникасына которулду
RU

Данияр Нарымбаев СИЗОдон "Бикард" клиникасына которулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев "Бикард" жеке менчик клиникасына госпитализацияланды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн жумада камакка алынган Данияр Нарымбаев УКМКнын СИЗОсунда жатып катуу ооруп калган. Ошого байланыштуу анын адвокаттары бир нече күн аны ооруканага алып чыгуу аракет кылышкан. Бирок, СИЗОнун администрациясы уруксат берген эмес. Бир нече күндөн кийин Нарымбаевди жеке менчик "Бикард" клиникасына жаткырууга мүмкүн болду.

Эске салсак, Нарымбаев "Кумтөр" иши боюнча кармалган болчу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө "Бикард" клиникасында мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, "Кыргыз темир жолунун" экс-директору Василий Дашков, УКМК шек санаган андан башка топ чиновниктер дарыланып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2558