Президент бардык чиновниктерге вакцинациядан өтүүну буюрду. Бирок өзү эмделе элек
RU

Президент бардык чиновниктерге вакцинациядан өтүүну буюрду. Бирок өзү эмделе элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясынын кызматкерлери коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө компаниясынын алкагында вакцинациядан өтүп жатышат.

Басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Жапаров Республикалык оперативдүү штабка калкты вакцинациячлоо процессин тездетүүнү буюрган. Кампаниянын максаты өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды жакшыртуу жана коронавирус инфекциясына иммунитетти жаратуу.

Президенттин администрациясына, министрлер кабинетине, министрлик жана ведомостволорго, облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, райондук администрацияларга, айыл өкмөттөрүнө кызматкерлерин вакцинациядан өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жапаров бардык жарандарды жеке ден соолугуна жоопкерчиликтүу мамиле жасап эмдөөдөн өтүүгө чакырды, деп президенттин администрациясы баса белгиледи.

Ошол эле учурда президент өзү вакцинациядан өтө элек. Март айынын соңунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жапаровго коронавирустан эмдөө алуунун зарылчылыгы жок деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2571