Саламаттыкты сактоо министри: Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албайт
RU

Саламаттыкты сактоо министри: Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго вакцинациядан өтүүнүн зарылчылыгы жок. Анда антителолор бар. Бул тууралуу Kaktus.media'га Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдады.

"Анын анителолору жакшы - 9. Эмдөөдөн өтүүнүн эмне зарылчылыгы бар?", - деди ал. Бейшеналиев өзү вакцинаны дүйшөмбү күнү, 29-мартта алат. "Эртең менен баштайбыз, анан алгачкы дозасын мен өзүм алам. Менде антителолор жок. Ооруган эмесмин", - деди министр.

Эске салсак, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустук инфекцияга каршы алгачкы эмдөө этабын баштайт. Алгачкылардан болуп Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын тургундары вакцинацияланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1057