Авариядан улам реанимацияга жеткирилген Самара Каримованын абалы туруктуу
RU

Авариядан улам реанимацияга жеткирилген Самара Каримованын абалы туруктуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова реанимацияда экендигин өздүк булактар билдиришкен. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен да ырчынын абалы туруктуу экени белгилүү болду, деп super.kg порталы жазды.

Эске салсак, кечээ, 26-июлда, ырчы Самара Каримова, анын жолдошу Мансур Асанов, Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, дагы А.Н. жана Э.Т. атуу жарандар Бишкек - Ош трассасынан кырсыкка кабылышкан. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча ырчынын жолдошу уктап кетип, жолдун боюндагы бетон тосмону сүзүп алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2769