Ырчы Самара Каримова жана Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыкка кабылышты
RU

Ырчы Самара Каримова жана Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол кырсыкка кабылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-июль күнү Бишкек - Ош жолунда Бишкектин вице-мэрия Жамалбек Ырсалиев аварияга туш болгон. Жалал-Абаддын жол кыймылынын коопсуздук кызматы билдиргендей салондо ырчы Самара Каримова да бар болчу. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Инспекторлор берген маалыматка ылайык, 26-июлда, болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасын ырчынын күйөөсү Мансур Асанов айдап бараткан. Ал уктап кетип, жолдун боюндагы бетон тосмого урунган. Айдоочу соо болчу, жана жабыркаган жок.

Авариядан жабыркагандар Жамалбек Ырсалиев, А.Н. жана Э.Т. атуу жарандар Токтогул райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Самара Каримова реанимациялык бөлүмдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2765