Боом капчыгайында коркунучтуу кырсык. Беш киши жаракат алды
RU

Боом капчыгайында коркунучтуу кырсык. Беш киши жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 30 -июлда Боом капчыгайында кырсык болуп, беш адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык Бишкек - ​​Нарын - Торугарт унаа жолунда болгон. Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа жолдогу бетон бөлгүчкө урунган. Транспорт Балыкчыдан Бишкекти көздөй бара жаткан.

Жабыркаган үч аял жана эки эркек ооруканага жаткырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2842