Мектептерде жаңы окуу жылы 15 -сентябрда башталат
RU

Мектептерде жаңы окуу жылы 15 -сентябрда башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15 -сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык оффлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынган.

Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу форматта кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлор эске алынышы керек.

Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 12-августуна карата 56 миң 114 кызматкер биринчи дозасы менен COVID-19га каршы эмделген, бул 36,7%ды түзөт. Коллективдүү иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70% дан кем эмесин эмдөө керек, башкача айтканда өлкө боюнча билим берүү тармагынын дагы 52 миңден кем эмес кызматкерлери эмдөөдөн өтүшөт.

Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Чечимдин кабыл алынышы билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбейт.

Мындан тышкары, окуу жылы 11 -сентябрдан кийин башталган бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2991