Казакстанда кармалып калган кыргызстандык жүк ташуучу унааларга салык кызматы жардам берет
RU

Казакстанда кармалып калган кыргызстандык жүк ташуучу унааларга салык кызматы жардам берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы казакстандык кесиптештери менен байланышып түзүлгөн кырдаал боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында чара көрүп жатат. Мындай билдирүүнү салык кызматы Kaktus.media Казакстанда кармалып турган кыргызстандык жүк ташуучу машинелер жөнүндө жаңылык чыгаргандан кийин таратты.

Эске салсак, айдоочулардын айтымында, аларды Казакстан - Россия чек арасында казак бийлигинин кызматы себептерин түшүндүрбөстөн токтотуп, документтерин жыйнап алган.

МСК берген маалыматка ылайык, транзиттик жүктөрдү ташып өткөрүү боюнча Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр белгиленди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 19-20 августта, Ысык-Көл облусунда өтүүсү пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3059