"Афганистанга кайтып келем" Ашраф Ганди элине кайрылуу жасады
RU

"Афганистанга кайтып келем" Ашраф Ганди элине кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандан Бириккен Араб Эмирлигине чыгып кеткен Ашраф Гани элине кайрылуу жасап, жакынкы убакыттарда кайтып барарын айткан. Экс-президент видео-кайрылуусун Facebook'тагы баракчасына чыгарды.

Ганинин айтымында, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

"Мен Кабулда калсам кан төгүүлөр болмок", - деген Афганистандын өлкө башчысы.

Ошондой эле ал РИА Новости басылмасынын "өзү менен кошо ири өлчөмдөгү акчаларды алып кетти деген маалыматты төгүндөдү. Буга чейин Гани үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү белгилүү болгон.

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Афганистандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон. Андан соң талибдер убактылуу өкмөттүн түзүлүшүнө каршылык билдирип, бийликти толук бойдон өткөрүп алууну күтүп жатканы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3077