Афганистандын президенти акчасын вертолетко жүктөп качты, анысы батпай далайы жерде калды
RU

Афганистандын президенти акчасын вертолетко жүктөп качты, анысы батпай далайы жерде калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын президенти Ашраф Гани бардык акчасын бир нече машинеге жүктөп качкан, деп "Известия" басылмасы өлкөдөгү РФтин элчилиги берген маалыматка шилтеме кылып билдирди.

Дипмиссиядагылар айтып бергенине караганда, президенттин бардык акчасы тик учагына батпай калган, ошондуктан бир бөлүгүн аэропортко калтырууга аргасыз болуптур.

"Режимдин кулаганын Ашраф Ганинин өлкөдөн качканы өтө көркөм сүрөттөп берет: төрт машинеге акчасын болушунча тыгып алган, дагы бир бөлүгүн вертолетко батырганга аракет кылышты эле, анда да батпай калды. Далай акчасы учуучу полосада чачылып, жерде калды", - деп "РИА Новости" элчиликтин пресс-катчысы Никита Ищенконун сөзүн цитата кылып келтирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3029