Афгандык качкындар Бишкектеги АКШ элчилигине келип, Кыргызстандан алып кетүүнү өтүнүштү
RU

Афгандык качкындар Бишкектеги АКШ элчилигине келип, Кыргызстандан алып кетүүнү өтүнүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-августта Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында Афганистандык качкындардын митинги өтүп жатат. Алар өздөрүн башка өлкөлөргө чыгарып кетүүнү суранышууда.

Митингге келгендердин айтымында акциянын эки катышуучусун укук коргоочу органдар салып кетишти.

"Аларды алып кеткен эркек кишилер өздөрүн укук коргоочу органданбыз деп айтышты. Эки кишини алып кетип калышты. Бир кагазды толтурганга керек, деп бизге түшундүрүштү. Биздин мекендештерибиз ал жерге адвокаты жок кетишти да, телефондору өчүк. Аларга сарысанаа болуп жатабыз", - деп митингдин катышуучулары айтып беришти.

Эске салсак, 18-августта Кыргызстанда 20 жылдан ашык убакыттан бери жашаган афганистандык качкындар БУУнун алдына пикетке чыгышкан болчу. Алардын негизги талабы качкын статусун берүү жана башка өлкөлөргө чыгарып кетүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3079