Ош шаарынын мэрлигине талапкер Лениндин эстелиги боюнча жооп берди
RU

Ош шаарынын мэрлигине талапкер Лениндин эстелиги боюнча жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Kaktus.media сайтына экс-депутат Исхак Масалиевдин дарегине айтылган сындарга комментарий берди.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан Компартиясынын лидери Ош шаарынын мэрине талапкер Алмаз Мамбетов шайлоодон кийин шаарда борбордук аянтка орнотулган Владимир Лениндин эстелигин бузууну ойлонуп жататканын айткан.

В. Лениндин эстелигине каршы чыккан кандай гана манкуртчулук! Балыкчыдагы эстеликти алып салып, шаардыктардын жашоосу жакшырып кеттиби? Эми Оштогуну дагы ...

Алмаз Мамбетов Kaktus.media сайтына билдиргендей, эстеликке байланыштуу маселени журналисттер маалымат жыйынында көтөрүшкөн.

"Эстеликти өткөрүп берүү маселеси боюнча жыйын өткөн. Анда журналисттердин суроосуна гана аны тургундар чечиши керек деп жооп бердим", - деп баса белгиледи Мамбетов.

Эске сала кетсек, 26 -августта Бишкек, Ош жана Токмак шаарларынын мэрлерин шайлоо өтөт. Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматына талапкер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3197