Панфилов паркында элдин телефондорун уурдоого шектүүлөр кармалды
RU

Панфилов паркында элдин телефондорун уурдоого шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багында калаа тургунунун уюлдук телефонун уурдаганга шектүү келиндер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1989-жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалган.

"Шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле шектүүлөр буга чейин ушундай эле кылмыштарды жасап бир нече жолу соттолгондугу тууралуу маалыматтар алынды. Учурда тергөө иштери уланууда жана үчүнчү шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3237