Панфилов паркында смартфон уурдагандарды сот үй камагына чыгарып ийди
RU

Панфилов паркында смартфон уурдагандарды сот үй камагына чыгарып ийди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сот Бишкектеги Панфилов сейил багында бир катар уурулуктарга (тактап айтканда уюлдук телефондорду) шектелген аялдарды бошотту. Бул тууралуу Kaktus.mediaга укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү аялдар 1989 -жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган С.А., сот тарабынан үй камагына чыгарылган. Шектүүлөрдүн мындай баш коргоо чарасын эмне себептен тандап алгандыгы айтылган жок.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аталган сейил бакка келген адамдын чөнтөгүнөн уюлдук телефон уурдалган видео тараган.

Бул факт Биринчи Май РИИБде каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси "Уурдоо" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кылмышка шектүү делгендердин өздүгү аныкталды. Алар 1989 -жылы туулган К.А. жана 2000 -жылы туулган С.А. Алар кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.

Ошондой эле шектүүлөр буга чейин ушундай эле кылмыштарды жасап, бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3282