Өмүрбек Бабанов Бишкекке келди. Бирок самолёт менен эмес
RU

Өмүрбек Бабанов Бишкекке келди. Бирок самолёт менен эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада дарыланып жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Kaktus.media редакциясына белгилүү болгондой, ал мекенине машине менен кайтып келген.

Августтун соңунда операция жасалып, дарыгерлер Өмүрбек Бабановго бир канча убакытка чейин самолёт менен учууга тыюу салышкан. Ошондуктан, экс-премьер-министр унаа менен жол жүргөн.

Азырынча, Бабанов өзү жана анын тарапташтары саясатчынын жакынкы пландары тууралуу үн ката элек. Ал учурда Бишкектеги үйундө ден соолугун калыбына келтирүүдө.

Эске салсак, 27-июлда, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунан ден соолугунун абалына байланыштуу бошотулган. Анткени, чет өлкөдөн дарыланууга тийиш болчу. 10-авугстта Кыргызстандан чыгып кеткен.

Бабанов "Кумтөр" долбоорун ишке ашырып жатканда коррупцияга жол берген деген айыптоо менен ушул жылдын 31-майында камакка алынган. Анын адвокаты соттун чечимине макул эместигин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3376