Өмүрбек Бабанов Бишкекке кайтып келет. Болжолдуу датасы айтылды
RU

Өмүрбек Бабанов Бишкекке кайтып келет. Болжолдуу датасы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин ЖМКлар Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 12-сентябрда келет деп жазышкан болчу. Саясатчынын жакын чөйрөсү Kaktus.media'га берген маалыматка ылайык, ал сентябрдын аягына чейин Кыргызстанга келет.

белгилүү болгондой, Бабанов дагы деле Москвада дарыланып жатат. Ушул айдын соңунда Кыргызстанга кайтып келүү пландары бар.

Бирок так күнү айтылган жок, анткени самолетко билеттерин ала элек.

Эске салсак, 27-июлда КРдин мурунку премьер-министри Өмүрбек Бабановду ден соолугунун абалына байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан бошотушкан болчу. 10-августта өлкөдөн чыгып кеткен.

Өмүрбек Бабановду 31-майда камакка алышкан. Ал "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга жол берген деп шектелүүдө. Саясатчы УКМКнын СИЗОсуна жеткирилген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3338