Өмүрбек Бабанов дарыланып келди. УКМКнын СИЗОсуна качан барат?
RU

Өмүрбек Бабанов дарыланып келди. УКМКнын СИЗОсуна качан барат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-сентябрда Өмүрбек Бабанов Москвадан дарыланып бүтүп, Кыргызстанга кайтып келди. Учурда ал Бишкектеги үйүндө, ден соолугун калыбына келтирип жатат. Жакындары саясатчынын келечекке болгон пландары менен бөлүшө элек.

Эске салсак, 27-июлда Биринчи май соту Бабановду жазага тартуу чарасын өзгөртүп, чет өлкөгө дарыланууга кое берген. Расмий билдирүүдө, кандай жазага өзгөртүлгөнү айтылган эмес.

Эми ал операциялан кийин мекенине кайтып келди, бирок Бабановду СИЗОго жеткиришеби, азырынча белгисиз.

"Бул суроого комментарий бербейбиз", - деп УКМК Kaktus.media'га жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3392