Президенттин катчысы Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын саясатка аралашуусу боюнча жооп берди
RU

Президенттин катчысы Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын саясатка аралашуусу боюнча жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев Kaktus.media редакциясына Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын депутаттар менен жолугушууларды өткөрүп жатат деген маалымат боюнча комментарий берди.

"Президент туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз. Мамлекет башчысы буга чейин, өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсыл бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген", - деп президенттин пресс-катчысы маалымдады.

Эске салсак, бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров Бишкектеги кофейняларда талапкерлигин койгон депутаттар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрду жүргүзуп жаткандыгынTelegram-каналына жазган.

Мындай жолугушууларды президенттин Рустам деген уулу өткөрүп жатат. Жакшы, мыкты жигит. Ал атасынын ишин талкалашы мүмкүн, бул өтө кейиштүү. Тарыхыбызда эки президент ушундайга жол берип, анын аягы эмне болгонун барыбыз билебиз. Президент уулун тыйып, мындай көрүнүштү токтотот деп ишенем. Бул анын үй-бүлөсүнө да, биздин өлкөгө да жакшылык алып келбейт. Үй-бүлөлүк жыйында кеңешип, президенттин уулу саясий платформа түзгөнү туура эмес, деген чечимге келет деп ишенем.

"Ал өзү тизмеге кирбей деле калышы мүмкүн, бирок бардыгын уюштуруп берет. Көп депутаттар бул тууралуу сөз кылып жатышат. Кыргызстан алакандай мамлекет, эч нерсе жашыра албайсың", - дейт Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3411