Белгилүү алып баруучу Алексей Филатов ооруканада. Дарыгерлер эмне дейт?
RU

Белгилүү алып баруучу Алексей Филатов ооруканада. Дарыгерлер эмне дейт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу, шоумен Алексей Филатовдун абалы оор. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан билдиришти.

Алар Алексейдин реанимацияда экенин билдиришкен. Ал жерге бир жума мурун жаткырылган болчу. "Сатурация мезгил-мезгили менен 72ге чейин төмөндөп, кайра 89га чейин көтөрүлүп турат. Бейтаптын дене табы мезгил-мезгили менен көтөрүлүп турат. Филатов жасалма желдетүү апаратында эмес (ИВЛ), инвазивдүү эмес желдетүү аппараты (маска аркылуу) менен дем алып жатат", - деп ооруканадан түшүндүрүштү.

Эске салсак, Филатов жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу анын кесиптеши Ассоль Молдокматова билдирген. "Менин бир өтүнүчүм бар - анын ден соолугу үчүн дуба кылып койгулачы. Ал аябай жакшы бала. Лёша, суранам, жаша, биз сени абдан жакшы көрөбүз", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3452