Адахан Мадумаров тарапташы Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча комментарий берди
RU

Адахан Мадумаров тарапташы Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Нарматов Kaktus.media'га тарапташы Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча комментарий берди.

Эске салсак, Нарматованы бүгүн, Ош шаарындагы аэропортунан милицияга алып кетишкен. Ага КРдин Жазык Кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга чакыруу" 310-беренесинин негизинде айып коюлду.

Мадумаровдун айтымында, болуп жаткан окуялардын бардыгын башаламандык жана мыйзамсыздык деп атоого толук негиз бар.

"Оппоненттериң менен ушундай күрөш жүргүзүү эч кимге аброй алып келбейт. Орозайым жана анын үй-бүлөсү чет өлкөдө иштейт. Бир тууганы каза болуп, анын сөөгүн жерге берүү үчүн мекенине алып келиптир. Жеңеси, ини-сиңдилери менен кайра кетип жатканда кармашыптыр", - деп Мадумаров айтып берди.

Лидерди нааразы кылганы, аэропортко адвокат келгенде Нарматовага жолуктурбай коюшуптур.

Тинтүү жүргүзүп, аны тирукмуш кылмышкерди кармагандай кармашкан.

Мадумаров белиглегендей, Нарматованын атасынын абалы да өтө начар. Ал жакында эле байбичесин, андан кийин уулун жерге берди, эми кызына сарысанаа болуп жатат.

Партия Орозайым Нарматовага толук юридикалык колдоо көрсөтөт, деп саясатчы баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3466