Ошто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисти Орозайым Нарматова кармалды
RU

Ошто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисти Орозайым Нарматова кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисти Орозайым Нарматова Ошто кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына коопсуздук күчтөрү кабарлады.

Алардын айтымында, бүгүн таң эрте Нарматова Оштон Россияга учаарда милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы активисттин кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 27 жаштагы Орозайым Нарматова фейсбук баракчасында азыркы бийликти көп сынга алган.

Нарматованын партиялашы Улан Канатбек уулунун айтымында, ал Орусияга таңкы бештер чамасында учууну көздөгөн, бирок күч органдары белгисиз себептерден улам аны кармап кетишкен.

"Биздин адвокаттар кармоонун себебин билүүгө аракет кылышты. Азырынча жооп жок. Биздин маалымат боюнча УКМКнын кызматкерлери аны Оштон Бишкекке алып кетишкен", - деди Канатбек уулу.

Ал Нарматованын камалышы азыркы бийликти сындаганына байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3462