"Кийимдер кымбаттайт." Дордойдун соодагерлери эми Өкмөт үйүнө келишти
RU

"Кийимдер кымбаттайт." Дордойдун соодагерлери эми Өкмөт үйүнө келишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-сентябрда, Дордой базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Эскерте кетсек, алар эскертүүсүз импорттук товарларга бажы салыгын көтөрүп салышканына нааразы. Бирок, Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымдарынын ставкалары өзгөргөнүн четке каккан.

Соодагерлердин бири билдиргендей, алар бүгүн өкмөт аларды угуп, маселени чечип берүүсүн талап кылып чыгышкан. "Биз импорттук товарларга бажы төлөмдөрүнүн жогорулашына каршыбыз".

Дагы бир соодагер "бажылык жол-жоболоштуруунун баалары көтөрүлсө, кийим кымбаттайт, карапайым эл жабыркайт" дейт.

Буга чейин соодагерлер импорттук чийки затка, текстилге бажы төлөмдөрү эки эсе көбөйтүлгөнүн билдиришкен. Мурда килограммы 25 цент болсо, азыр 50 центке чейин көтөрүлдү.

"Тарифтердин көтөрүлүшү тигүү тармагында иштеген Россиядагы кыргыз ишкерлеринин атаандаштыгына таасирин тийгизет", - дейт соодагерлердин бири.

Митингге келгендердин беш өкүлү өкмөт үйүнө сүйлөшүүлөргө чакырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3469