Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев кызматынан алынды
RU

Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев кызматынан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 13-сентябрда, Улукбек Марипов кол койду.

Эске салсак, кечээ, кабмин жарым миллиарддык тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Ага президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жана анын кызынын тиешеси бар экендиги аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3498