Алмаз Сарыбаев ИИМде сурак берип жатат
RU

Алмаз Сарыбаев ИИМде сурак берип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмаз Сарыбаев ИИМдин тергөө кызматына сурак берүүго чакыртылды. Ал милициянын генерал-майору Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев менен биргеликте күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, ИИМдин тергөө кызматы Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тымызын сүйлөшүп алып, курал жарак колдонуу менен бийликти басып алуу аракетин көргөн, деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренеси боюнча ("Бийликти күч менен басып алуу") сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Учурда Сарыбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө. Андан кийин Бишкек ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилет.

Кечээ, 14-сентябрда күч колдонуп бийликти басп алуу аракети үчүн ИИМдин жетекчисинин мурунку орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов камакка алынган.

Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.

Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.

Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.

Маалымат

Алмаз Сарыбаевдин атасы - Айылчы Сарыбаев - Экономика жана финансы институтунун ректору. Алмаз Сарыбаев өзү - экономист, багы чейин "Кыргызстан" партиясынан талапкерлигин койгон, "АКБ "Толубай" ЖАКтын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3535