Ички иштер министрлиги: Алмаз Сарыбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Ички иштер министрлиги: Алмаз Сарыбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына ИИМден билдиришти.

Маалыматта ИИМдин тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул иштин жүрүшүндө 14-сентябрда Курсан Асанов, ал эми кечээ, 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.

Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүш ишин иликтөө учурунда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, КР ЖКнын мурдагы жана азыркы депутаттары чакыртылып, күбө катары суракка алынган. Учурда тергөө уланууда.

Маалымат

Алмаз Сарыбаевдин атасы - Айылчы Сарыбаев - Экономика жана финансы институтунун ректору. Алмаз Сарыбаев өзү - экономист, багы чейин "Кыргызстан" партиясынан талапкерлигин койгон, "АКБ "Толубай" ЖАКтын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3547