Икрамов геосаясатты түшүнбөй Армения менен Азербайжанга бир элчинин дайындоону сунуштады
RU

Икрамов геосаясатты түшүнбөй Армения менен Азербайжанга бир элчинин дайындоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты Арменияга да элчи кылып коюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда, тышкы иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов, Кыргызстандын Россиядагы элчисине Арменияга да элчи болуусуна нааразы экенин билдирди.

"Россияда ансыз деле биздин жарандарыбыз көп, элчилик жетишпейт. Эмне үчүн Грузия, Армения жана Азербайжанга Кыргызстандан бир эле элчинин дайындап коюуга болбойт? Ал жакта биздин жарандар аз эле", - деп депутат белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, жүйөлүү себеби бар экенин айтты.

"Азербайжанда элчилигибиз бар, Грузияда жок. Бирок Грузиянын маселелерин Азербайжандын элчиси карайт. Ага Армениянын да жүктөп коюу мүмкүн эмес. Анткени Армян тарабы эки мамлекеттин ортосундагы мамиледен улам, ага макулдугун бербейт. Ошондуктан алар, Россиядан туруп кызматташуубузду улантсак болот, деп билдиришкен", - деп министрдин орун басары айтты.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү ТИМдин Гульнара-Клара Саматтын Армениянын да элчиси болуусуна макулдугун беришти.

Эске салсак, Армения жана Азербайжандын ортосунда көп жылдан берки пикир келишпестиктер бар. Ал эми өткөн жылы эки мамлекеттин чек арасында куралдуу конфликт орун алган.

Баса, бүгүн, Икрамовдун "мамилелер" жана "комюнике" деген сөздөргө тили келбей калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3591