Генпрокурор Курманкул Зулушев Мирлан Жеенчороев менен уруша кеткенине комментарий берди
RU

Генпрокурор Курманкул Зулушев Мирлан Жеенчороев менен уруша кеткенине комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев жана баш прокурор Курманкул Зулушев кечээ экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик тууралуу өз ойлорун билдиришти.

Жеенчороевдин айтымында, кечээ Зулушев экөө бир аз чырдаша кетишкенин айтты.

"Эмоцияга алдырып, ашыкча сүйлөп алдык. Бирок андан кийин экөөбүз көздөшүп, ушак-айыңды төгүндөдүк. Мындан ары конструктивдүү иштейбиз", - деп депутат белгиледи.

Генпрокурор кызматында туруп, эч кимге эч кандай буюртмаларды бербейм, деп баш прокурор баса белгиледи.

"Мен эч кимге буюртма бербейм, буюртма менен иштебейм, жана камабайм. Мыйзам чегинде гана иш алып барам. Бул менин негизги милдетим", - деди ал.

Эске салсак, кечээ, 21-сентябрда комитеттин жыйынында Жеенчороев менен Зулушев кайым айтышып, Жеенчороевдин айтымында, Зулушев Ташиевге телефон чалып, Мирланга бир нерсе таап бер деп суранган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3629