6 адамды атып өлтүргөн Тимур Бекмансуровдун буту ампутацияланды
RU

6 адамды атып өлтүргөн Тимур Бекмансуровдун буту ампутацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгерлер 20-сентябрда Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун бутун кесип салышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты, деп Коом пресс сайты кабарлаган.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өспүрүмдүн сол буту тизесине чейин кесилген. Анын абалы өтө оор деп бааланууда.

Тимур Бекмансуровдун бутуна кан уюп калгандыктан бутун кесүүгө туура келген.

Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен юридикалык факультеттин студенти Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин имараттарынын биринде ок чыгарган. Натыйжада, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин такталган маалыматы боюнча, алты адам каза болуп, 24 адам жаракат алган. Кол салган адам кармоо учурунда жарадар болуп, ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан көп адамды өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кийин Бекмансуровдун атасы орусиялык ММКларга уулу эч ким менен сүйлөшпөй, компьютердик оюндарды ойноорун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3639