Россиянын университетинде ок атылды. Каза болгондор бар (видео)
RU

Россиянын университетинде ок атылды. Каза болгондор бар (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пермь мамлекеттик университетинде ок атылып жатканы угулууп, студенттер терезеден секиришкен. Бул тууралуу Lenta.ru маалымдайт.

Ок атуучу 8-корпуска бекинип алган. Ал университеттин имаратынын ичинде туш келди ок атууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки адам жабыркаган.

Бүгүн эртең менен белгисиз адам университетке келип, студенттер менен мугалимдерге ок чыгарганын "Интерфакс" агенттигине тез жардам кызматындагы булак билдирди. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Ал ортодо социалдык тармактарда университеттин терезесинен секирген адамдар тартылган видео пайда болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3605