Конор Макгрегор Шевченконун жеңиши тууралуу: Валентина, сен мыктысың!
RU

Конор Макгрегор Шевченконун жеңиши тууралуу: Валентина, сен мыктысың!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ирландиялык аралаш стилдин мыкты (ММА) мушкери Конор Макгрегор Валентна Шевченконун (UFC) Абсолюттук мушкердик чемпионаттын турниринен жеңип чыгышына реакция жасады. Макгрегор жазган постту Twitter'ден окуса болот, деп Lenta.ru жазды.

33 жаштагы ирландиялык спортчу Кыргызстандык Валентинага UFC'нин эң жеңил салмак категориясында кезектеги титулун ийгиликтүү коргоосу боюнча кайрылып: "Валентина, сен мыктысың!" - деп жазган.

UFC 266 турниринен Шевченконун каршылашы америкалык Лорен Мерфи болду. Спортчу техникалык нокаутту ишке ашырып, беттешти эрте эле жыйынтыктаган.

Валентина уюмдун чемпиону наамын алтынчы ирет коргоду. Жалпысынан анын эсебинде 22 жеңиш жана үч утулуп калуу бар.

Макгрегор UFC'нин эки салмак категориясындагы мурунку чемпиону.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3658