"Жарылган" телефон жана көзү кан жалап калган видеону милиция текшерет
RU

"Жарылган" телефон жана көзү кан жалап калган видеону милиция текшерет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоо органдары кичинекей баланын колунан жарылган телефон тууралуу тарап жаткан маалыматты текшерет. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББсинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, интернет-мессенджерде кичинекей баланын көзү кан жалап калган тирукмуш видео тараган. Видеого түшүндүрмө берилген, анда, энеси баласын эишкке чыгаргысы келбей, ойной турсун деп телефонун берген экен, телефон кичинекей баланын колунан жарылыптыр.

Бул окуя 10-январда, шайлоо күнү, Орловкада, саат 11:30да болгонун түшүндүрмө берип бир аял айтат.

"Баланын кан тамырлары жарылып, көзү агып түшүп калыптыр. Тез жардам келгиче энеси жинди болуп калайын деди. Балдарыңарга телефон бербегилечи сураныч", - деп ал кошумчалаган.

Чүй облусу боюнча Саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытова мындай окуя Орловкада болгон эмес, деп Kaktus.media'нын редакциясына билдирген.

Милиция мындай факт Чүй облусу боюнча катталбаганын, бирок видеону жайылтуу фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/366